Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

ЭЛ АРАЛЫК УЮМ КЫРГЫЗСТАНДАГЫ КОРРУПЦИЯНЫН АБАЛЫНА БАА БЕРДИ


Бакыт Аманбаев, Бишкек Соңку жылдары Кыргызстанда аткаруу бийлиги тарабынан коррупцияга каршы күрөшүү максатында бир катар иш чаралар жүргүзүлүп келет. Ушул максатта «Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңеш» жана анын катчылыгы түзүлдү. Ошондой эле өлкөдө демократияны чыңдоо максатында «Демократиялык коопсуздук кеңеш» уюштурулуп, «Кыргызстан адам укугун урматтаган өлкө» деген ураан жарыяланды. Ал эми дүйнө өлкөлөрүндөгү коррупциянын деңгээлин иликтеген эл аралык уюмдардын жана көз каранды эмес байкоочулардын иликтөөлөрүндө караганда, Кыргызстанда коррупциянын деңгээли азайбай, тескерисинче жогорулоодо. Мындай пикирге бийлик өкүлдөрү албетте, макул эмес.

Айрыкча соңку жылдары Кыргызстанда коррупция, паракорлук ар тараптуу тамыр жайып жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес жана мындай көрүнүштү аткаруу бийлик өкүлдөрү да мойнуна алып келишет. Маселен, мындан бир нече жыл илгери республикалык деңгээлдеги жыйындардын биринде мамлекет башчысы Аскар Акаев өлкөдө коррупция гүлдөп, өнүгүп, ал тургай өзү отурган Ак үйдүн жетинчи кабатына чейин жеткендигин коомчулукка ачык айтып чыккан.

Андан көп өтпөй мурдагы өкмөт башчысы, маркум Жумабек Ибраимов Кыргызстанда эң жогорку бийлик кызмат орундары акчага сатылаарын ачык айткан.

Мындан бир нече күн илгери Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алымбай Султанов айрым мамлекеттик кызмат орундары Кыргызстандын кайсыл дубанында канча акчага сатыларын коомчулукка дагы бир жолу ачык жарыялады.

Байкоочулардын баамына караганда чындыгында эле Кырызстандын аткаруу бийлиги соңку жылдары өлкөдөгү коррупция, паракорлук менен күрөшүү максатында бир катар иш чараларды жүргүзүп келет. Коррупияга каршы күрөшүү максатында президент Аскар Акаевдин жардыгы менен «Адилет башкаруу боюнча улуттук кеңеш» жана анын катчылыгы түзүлдү.

Мындан сырткары мамлекет башчынын жардыгы менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө коррупцияга каршы күрөшүүнүн жолдору тууралуу атайын окуу, семинарлар өткөрүлүүдө.

Ошондой болсо да айрым эл аралык уюмдардын жана адистердин пикирине караганда, кыргыз бийлигинин коррупция, паракорлукка каршы күрөшү иш чараларынан натыйжалуу жыйынтык чыкпай келет. Маселен, дүйнөдөгү коррупциянын деңгээлин иликтеген «Трансперенси Интернешнл» эл аралык уюмунун 2004-жылдагы иликтөөсүндө Кыргызстанда коррупциянын деңгээли азайбай эле, мурдагы калыбында экендиги айтылган.

Тагыраак айтканда, Кыргызстан коррупциянын өнүгүш деңгээли боюнча дүйнөдөгү 146 өлкөнүн ичинде 122 орунда турат. Ушул эле орунда коомдук өнүгүү жагынан артта калган Африкадагы Нигерия, Судан, Чад тургандыгы жазылган.

Мына ушундан улам "эмне үчүн Кыргызстанда коррупция күчөп Ай үйдүн жетинчи кабатына жетти", "эмне үчүн Кыргызстанда эң жогорку кызмат орундары акчага сатылат", "эмне үчүн ушул убакка чейин коррупцияга катышы бар деген айып менен бир дагы бийлик өкүлү жоопко тартылган жок", "дегеле коррупция менен кандайча күрөшүүгө болот", деген сыяктуу суроолор жаралат.

Оппозиция өкүлдөрүнүн айтымында, Кыргызстандын аткаруу бийлигинин жогорудагыдай ар түрдүү кеңештерди түзүү аркылуу коррупцияга каршы күрөшүү аракетинен эч пайда чыкпайт:

-Аткаруу бийлигинин мындай аракетинен эч пайда чыкпайт. Бийликтин мындай аракети коррупцияга каршы күрөшпөй эле элди алдоого багытталган. Ошондой эле алар «коррупцияга каршы ушундай жолдор менен күрөшүп жатабыз» деп чет өлкөлүк уюмдарды алдап алардан жардам алуу. Коррупция менен башкача жол менен күрөшүү керек, -дейт Азимбек Бекназаров.

Ал эми аткаруу бийлигинин айрым өкүлдөрү болсо, оппозиция өкүлдөрүнүн жана Кыргызстандагы коррупциянын абалы боюнча айткан эл аралык уюмдардын маалыматтарына ишенишпей:

-Ар кандай пикирлерди айтуу ар кимдин өзүнүн иши. Коррупция жок өлкө жок дүйнө жүзүндө. Биз деле ошол дүйнө жүзүндөгү мамлекеттерденбиз. Ал эми мамлекетибиздеги жүрүп жаткан иш чараларга баа бериш биздин ишибиз. Жөн гана бир жерде туруп алып, биздин өлкөгө баа берүү туура эмес жана мен андай көз караштарга кошула албайм,-дейт Президенттик админстрациянын башчысынын биринчи орун басары Болот Жанузаков.

Ошентип Кыргызстандагы коррупциянын абалы жана аткаруу бийлигинин коррупцияга каршы күрөшүү аракеттери боюнча коомчулукта түрдүүчө, толгон токой пикирлер бар.

Ал эми айрым көз каранды эмес байкоочулардын баамына караганда башкасын айтпаганда да Кыргызстанда эң жогорку бийлик кызмат орундарынын сатылышына бөгөт коюу үчүн өлкөдөгү эң жогорку бийлик бутактарынын ыйгарым укуктарын теңдөө керек. Жок эле дегенде Жогорку Кеңешке аткаруу бийлигинин аракетин көзөмөлдөө функциясын берүү зарыл. «Антпесе, коррупция менен күрөшүү жараяны жөн гана курулай сөз бойдон калат» дешет байкоочулар.

XS
SM
MD
LG