Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 11:48

Чек ара боюнча сүйлөшүлөр болот


БИШКЕК. 2-4-ноябрда Өзбекстандын Фергана облусунда кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча жумушчу топтор деңгээлинде сүйлөшүүлөр башталат. Анда эксперттер эки мамлекеттин чек арасын аныктоо боюнча иш жүргүзмөкчү. Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин жооптуу кызматкери Эркин Асаналиев билдирди. Анын айтымында, бул күндөрү өкмөттүн регионалдык маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Саламат Аламанов баштаган топ өзбек тарап менен аныктала элек чек араларды аныктоо боюнча талаа иштерин жүргүзүүдө жана бул топ ноябрь айында боло турган сүйлөшүүлөргө кошулмакчы. Октябрь айынын орто ченинде жумушчу топтор деңгээлинде сүйлөшүүлөр Баткенде болуп, анда 870 метр чек ара сызыгынын өтүү сызыгы аныкталган эле.

XS
SM
MD
LG