Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

Ишемби күнкү кандуу булоонду уюштургандар табылат жана жазага тартылат


Ирактагы убактылуу өкмөттүн премьери Ияд Аллави бу окуяны жексур кылмыш деп атады жана ирак жоокерлеринин коопсуздугун камсыз кылууда коалицияны чоң шалаакылык кылганы үчүн айыптады. Өткөн ишемби күнү машыгуучу жайдан курал-жараксыз Багдадга кайтып келаткан жоокерлер буктурмага кабылган эле. Жасатта жаткандар кырк тогуз аскерди жана үч айдоочуну боо түшүрүп атып салышты. Бул иш үчүн жоопкерчиликти Абу Мусаба аз-Заркавинин тобу өзүнө алды. Ишемби күнү иорданиялык бир киши барымтадан бошотулганы кабарланды. Ал он үч күн туткунда жатты, барымтачылар анын үй-бүлөсүнөн кунпул алышкан.

XS
SM
MD
LG