Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

ГУАНТАНАМОДОН ЧЫККАНДАРДЫН АЙРЫМДАРЫ КАЙРАДАН КУРАЛ АЛГАН


Америкалык "Вашингтон Пост" гезитинин жазганына караганда, учурда Ооганстанда жана ага коңшу Пакистанда АКШ менен анын өнөктөштөрүнүн аскерлерине каршы күрөшүп жаткан согушкерлердин арасында Гуантанамодогу түрмөдөн бошотулгандардын кеминде ону бар. Ошондой согушкерлердин экөөсү жакында Ооганстандын Кандагар шаарынан чет жакасынан кармалган.

Кубанын Гуантанамо аралындагы америкалык аскерий базада жайгашкан түрмөгө мындан үч жылча мурун Ооганстандагы операциялардын учурунда Талибандын жана "ал-Каиданын" мүчөсү катары туткундалган адамдар жеткирилген эле. АКШ бийликтери абактагылардын жашоо - шартын, тамак-ашын жакшы камсыздап, диний адабияттарды пайдалануусуна мүмкүндүк түзгөнү менен Кызыл Чырым эл аралык комитетинин өкүлдөрү жана үй-бүлөлөрү менен байланышта болуусуна уруксат берген эмес. Америкалык жетекчилик мындай саясатын камактагылар мыйзамсыз куралдуу топтордун согушкери болгондугу, аларга карата эл аралык мыйзамдар жайылтылбай тургандыгы менен түшүндүрүшкөн.

Бирок эл аралык коомчулуктун, өзгөчө адам укугун коргоочу уюмдардын кысымы астында Вашингтон камакта отургандардын арасынан коркунучу жок деп эсептелген туткундардын 202син бошоткон эле.
Эми "Вашингтон Пост" гезитинин маалыматына караганда, Гуантанамодон чыгарылган ошол адамдардын кеминде ону Ооганстан менен коңшу Пакистанда куралдуу каршылык көргөзгөндөрдүн катарына кошулду. Алардын экөөсү Талибандын жакында Кандагар шаарынын чет жакасынан туткундалган согушкерлеринин арасында болгон. Вашингтондогу иликтөө уюмдарынын бири - "Мурас" фондунун эксперти Жеймс Филлипс бул окуя бир эле нерсени каңкуулап турганын айтат:

- Алар Гуантанамодо жүйөөсү бар үчүн отурушат. Андыктан көпчүлүгү бул жерде калыш керек. Аларды бошотуудагы тобокелчилик адамдар мурда болжолдогондон жогору.

Эксперт Жеймс Филлипстин пикиринде, АКШнын Коргоо министрлиги эл аралык кысымга моюн сунуп калбашы абзел. Ал ошондой эле камактагылардын ишин аскерий сотто кароону создуктурбоо керек деген чакырыктар менен макул эмес. Мунун жүйөөсүн Жеймс Филлипс төмөнкүчө түшүндүрөт:

- Соттун проблемасы сиз Ооганстандан күбөлөрдү таап, сот кайсыл жерде өтөөрүнө карабай аларга учуп барыш керектигиңизде. Үч жыл мурда эмне болгондугун ким эстеши мүмкүн. Биз алар туткундалганга чейин "ал-Каиданын" же Талибандын катарында болгонун далилдей албай калышыбыз ыктымал. Бирок биз аларды жогорудагы топтордун мүчөсү экендигин далилдей албагандыгыбызга байланыштуу бошотуу менен тобекелчиликке барабыз. Ону жасагандай эле алар да урушка кайтып келет.

Ал эми "Human Rights Watch" уюмунун кеңешчиси Жеймс Росс маселенин чордону соттук угууларда эмес экенин айтат. Ал "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун кабарчысы Эндрю Талли менен болгон маегинде белгилегендей, кадимки согуштарда туткундардын баары аскерий кылмышкер деп шектелгени үчүн эмес, согуша албай калганы үчүн кармалат. Алар кадимки согуштун катышуучусу деп эсептелбеген күндө да, аскерий туткундун укуктарына ээ:

- Кармалгандардын баары сотту талап кылбайт, бирок аларга Женева конвенциясына ылайык мамиле жасалышы абзел. АКШ аларды эл аралык гуманитардык мыйзамдын шарттарына ылайык кармап турган жок. Алар Женева конвенциясына таянгандын ордуна, кимди кантип, канчага кармаары боюнча өздөрү эреже түзүп жатышат.

Жеймс Росстун пикиринде, АКШнын Коргоо министрлиги бул багытта соңку үч жылдан бери жүргүзгөн иштердин көбү жаңылыш болду. Андыктан президент Буштун администрациясы Гуантанамодогу туткундар боюнча азыркы баскычта эмне жасаса жакшы болоорун айтуу кыйын.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG