Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

ХАЛК МАСЛАХАТЫ ТҮРКМӨН ПРЕЗИДЕНТИНИН СУНУШУН ЧЕТКЕ КАКТЫ


Ушул аптанын башында Ашхабадда Түркмөнстандын эң жогорку бийлик органы катары эсептелген – Халк Маслахатынын жыйыны аяктап, анда делегаттар президент Сапармурад Ниязовдун 2008-2009-жылдары шайлоо өткөрүү жөнүндөгү сунушун четке какты. Эксперттерден айтымында, мындай чечимдин өлкөдөгү саясий кырдаалга эч таасири тийбейт.

Халк Маслахаты же Элдик Кеңеш өзүнүн жыйынына жылына бир ирээт чогулуп, анда өлкө үчүн маанилүү деген маселелер каралат. Ал мыйзам чыгаруу укугуна да ээ. Бул ирээт Халк Маслахаты салыкка, жерди ижарага берүүгө, сууга байланышкан мыйзамдарды жактырды. Аталган документтер 1-ноябрдан тарта күчүнө кирмекчи. Жыйындын башталышында президент Сапармурад Ниязовдун быйыл түрмөдө отургандардын ичине 9 миң адамга мунапыс берүү жөнүндөгү чечим кабыл алганын, жаңы жылдан тарта эмгек акы, пенсиянын өлчөмү 50 пайызга жогоруларын жарыялады. Түркмөнстанда бир топ жылдардан бери салтка айланып калгандай түрмөдөгүлөргө мунапыс Орозо айттын алдында берилет. Ал эми Халк Маслахатынын соңку иш күнү дүйшөмбүдө Түркмөнбашы келечекте шайлоо өткөрүү маселесин көтөрүп, мындай деди:

- Эгер уруксат берсеңер мен да өз өтүнүчүмдү айтайын. Бир адам көпкө чыдай албайт. Жаштар өсүп келе жатат. Эгер каршы болбосоңор, келгиле, 2008-2009- жылдары президенттик шайлоо өткөрөлү. Мени 70ке таяп калам, мени бошоткула. Түбөлүк эч нерсе жок.

Мындан бир жылча мурун Түркмөнбашы президенттик шайлоону 2006-2007 –жылдардын аралыгында өткөрүүнү айткан болчу. Түркмөнстандын Конституциясына ылайык 40тан 70 жашка чейинки курактагы атуулдар мамлекет башчысы боло алат. Сапармурад Ниязов 70ке 2010 –жылы чыкмакчы.

Анткен менен Сапармурад Ниязовдун бул жолку демилгеси Халк Маслахаты тарабынан дароо четке кагылды. Аксакал делегаттардын бири Муратберды Сопыев буларды айтып чыкты:

- Урматтуу мекендештер, президенттик шайлоо жөнүндө такыр сөз кылууга болбойт. Биз улуу Сердарыбызды, ардактуу атабызды түбөлүккө шайлаганбыз. Андыктан бул теманы унутушубуз керек.

Халк Маслахатына келген делегатардын экинчи бири болсо жыйынды Сапармурад Ниязовдун сунушуна каршы добуш берүүгө чакырып, ал президенттикте түбөлүк калыш керектигин төмөнкү жүйөөлөр менен түшүндүрдү:

- Мен биздин улуу Сердарыбыздын сунушун бир добуштан четке кагууга чакырам. Биз макул эмеспиз. Улуу Сердар, бизге бир гана башчы керек. Сиз бул даражага Кудайдын буюругу менен келгенсиз. Андыктан өмүр боюу жетекчи болуп бериңиз.

Москвадагы Карнеги фондунун эксперти Алексей Малашенко, Түркмөнстандын Халк Маслахатынын чечимин "Азаттык жана Эркин Европа" радиосуна берген интервьюсунда мындайча баалады:

- Бир жагынан Ниязов шайлоого барууга даяр экенин көргөзүүдө. Эгер ал ачык шайлоого барган күндө да жеңип чыгаары анык. Экинчи жагынан Халк Маслахатына катышкан эл өкүлдөрү шайлоо кереги жоктугун айтып жатышат. Андыктан баары, биринчи кезекте Түрмөнбашы өзү ыраазы. Шайлоо жөнүндөгү сунуштардын же ага каршы айтылган кептердин саясий кырдаалга эч таасири тийбейт. Менимче ушул эң башкысы.

Халк Маслахаты Сапармурад Ниязовдун шайлоо жөнүндөгү өтүнчүн четке какса, Түркмөнбашы болсо Түркмөнстандын эл баатыры деген наамды алтынчы ирээт алуудан баш тартты. Мунун себебин ал Халк Маслахаты өткөн ишембиде эле ага өлкөнүн жогорку мамлекеттик ордени – "Рухнаманы" ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алганы менен түшүндүрдү.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG