Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:50

Палестин лидери Ясир Арафат катуу ооруп, төшөктө жатат


Палестин автономиясынын лидери, 75 жаштагы Ясир Арафат жакында сасык тумоого чалдыккан болчу. Бүгүн анын абалы оорлошуп кеткендиги тууралуу айтылды. Ал бир канча убакыт бою эсин жоготуп койгону да маалым болуп олтурат. Иорданиядан дарыгерлердин тобу чакыртылган.

Ясир Арафаттын кеңешчиси Набил Абу Рудейна кечээ журналисттерге Арафаттын абалы “туруктуу” экендигин айтты.

- Ал жакшы эле, болгону – кичине дем алышы керек. Анын абалы бир калыпта жана мурдагы абалга жетүү үчүн бир канча күн талап кылынат.

Арафаттын резиденциясына Палестин автономиясынын бүт жетекчилери чогулушкан. Ал эми анын башчылыгындагы “аль-Фатх” кыймылынын чет өлкөлөрдөгү лидерлери да тезинен мекенине кайтышты. Андан сырткары, бир канча жылдардан бери Парижде жашап жаткан анын аялы да келди.
Канткен менен, Арафатты ооруканада дарылоо талап кылынаары айтылды. Бүгүн Израиль премьер-министри Ариэль Шарон Палестинанын өкмөт жетекчиси Ахмед Курей менен телефон аркылуу байланышып, Ясир Арафатты дарылоо максатында аны өлкөдөн алып кетүүгө уруксат берди.

XS
SM
MD
LG