Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Иракта 90дон ашык, Польшада 30 мыйзамсыз мигрант камакка алынды


Ооганстандын 94 атуулу, анын ичинде жаш балдар жана аялдар Ирандан Иракка өтүп бараткан жерде кармалды. Ирактын чек ара полициясы билдиргендей, оогандар кечээ сот жообуна тартылды. Алардын качан кармалганы кабарланган жок.

Жакында эле 100 чакты оогандык жана пакистандык динзар Ирактагы шийиттердин ыйык шаарлары болгон Нажафка жана Кербалага бараткан жеринен колго түшкөн эле. Аларды ирандык саякат агенти орто жолдо таштап кеткен экен.

Ал эми Польшада кечээ чек арачылар Украинадан жана Молдовадан визасыз келаткан 30 кишини шоферу менен Германияга өтүп баратканда камакка алышты. Мындан тышкары Германиянын эки атуулу жасалма документ менен украиналык күйөөсү менен аялын жеткирип баратканда колго түштү.

XS
SM
MD
LG