Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:21

КЫРГЫЗ МИЛИЦИЯСЫ 80 ЖАШТА


Азиза Турдуева, Бишкек 1-ноябрда кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 80 жылдык мааркеси белгиленди. Бул окуяга байланыштуу Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда салтанаттуу жыйын өттү. Борбор калаада ички иштер министрлигинин Сагынбек Наматбаев атындагы музейи ачылды.

1924-жылдын 14-октябрында РСФСРдин курамындагы Кара-кыргыз автомиялуу облусу түзүлгөндөн кийин 1-ноябрдан тартып облустук милиция бөлүмү өз ишмердүүлүгүн баштаган.

Ал эми бүгүнкү күндө өлкөнүн ички иштер органдарындарынын кызматкерлеринин саны 9 миңге жакын.

Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Эгембердиев милиция кызматынын ишмердүлүгүнө байланыштуу мындай деди:

-Ар бир өлкөдө тартип болбосо, мыйзамдуулук болбосо - өнүгүү болбойт. Ошондуктан биздин өлкөдө орун алып жаткан өнүгүүгө ички иштер органдарынын кызматкерлери да өз салымдарын кошууда деп ойлойм.

Бул күнү Бишкек шаарынын Жумабек көчөсү менен Тыныстанов көчөсүнүн кесилишинде коомдук тартипти чыңдоого эмгеги сиңген кызматкер, маркум Сагынбек Наматбаев атындагы музей ачылды. Маркум Сагынбек Наматбаевдин жубайы акын Майрамкан Абылкасымова бул музейдин ачылышына байланыштуу сөз сүйлөдү:

-Бул музей биздин муундар үчүн курулду. Алар бул жерден өздөрү үчүн үлгү боло турган инсандардын өмүр баяндары менен, алардын ишмердүүлүгү менен тааныша алышат. Кыргыз милициясынын тарыхы менен таанышышат. Сагынбек кыргыз милициясынын энциклопедиясын түзгөн, милиция тарыхы боюнча эки китеп чыгарган. Милиция кызматкерлери үлгү ала турган китептерди которгон. Бул тармакта көптөгөн адистерди тарбиялады. Алардын баары азыр генерал, жогорку кызматтарда иштешет. Сагынбектин топтогон материалдарынын баары ушул музейге коюлат.

Ал эми ички иштер министрлигинин ардагерлер кеңешинин төрагасы Токтожума Жээналиев мындай деди:

-Бүгүн биз үчүн чоң майрам. Кыргыз милициясынын түзүлгөнүнүн 80 жылдыгын белгилеп жатабыз. Ага кош майрам болуп мына музей ачылды. Бул - кыргыз милициясынын тарыхы. Бул - мамлекеттин тарыхынын бир бөлүгү да. Бул музей ашар ыкмасы менен, ички иштер министрлигинин өздүк курамынын жигердүү катышуусунда курулуп бүттү. Биз үчүн бул чоң кубаныч. Музейдин эшиги баарыга ачык болот.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаев милиция кызматынын ысык-суугу жөнүндө пикирин ортого салды:

-Биздин кызматкерлер биринчи кезекте коомдогу мыйзамдуулук, тартип үчүн күрөшүшөт. Техникалык жабдуулардын жетишсиздигине, айлык акысынын аздыгына карабастан милиция кызматкерлери өз милдетин татыктуу аткарып жатышат деп ойлойм. Ошондуктан биздин өлкөдө жакшы жакка өзгөрүүлөр орун алып жатса керек.

Ушул эле күнү борбор калаадагы улуттук филармонияда милиция күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү. Ага ички иштер органдарынын кызматкерлери, милициянын ардагерлери, өкмөт аппаратынын өкүлдөрү катышты. Жыйында министр Бакирдин Субанбеков сөз сүйлөдү:

-Ички иштер органдырынын кызматкерлери мындан ары да өлкөдө бекем коопсуздукту, тартипти жана мыйзамдуулукту камсыздоо боюнча жетекчиликтин бардык тапшырмаларын так аткарууга, оперативдүү-кызматтык ишмердүүлүгүн жакшыртууга бүт күч-аракетин жумшайт. Биз ички иштер органдарында көп жылдар бою эмгектенип, бизге өздөрүнүн күжүрмөн эмгеги жана баатырдыгы менен үлгү көрсөткөн ардагерлерибиздин, баатырларыбыздын ысымдарын түбөлүүккө сактайбыз! Алар - Аркадий Арунов, Калыйнур Үсөнбеков, Сагын Наматбаев жана көптөгөн башка ардагерлер.

Жыйында ички иштер органдарынын бир катар кызматкерлерине ардак грамоталары, ал эми генерал Жоломон Шаршенбаевге “Даңк” медалы,
милициянын полковниги, маркум Чыныбек Алиевге ыйгарылган “Эрдик” медалы анын жубайына тапшырылды. Милиция күнүнө арналган салтанаттуу жыйындын соңунда концерт тартууланды.

Сүрөттө: Филармониядагы жыйында министр Б.Субанбеков сөз сүйлөдү.

XS
SM
MD
LG