Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:13

Орус өкмөтү белекке берген китептер сатылууда


БИШКЕК. Республиканын айрым мектептеринде орус өкмөтү белекке берген китептер сатылууда. Мындай маалымат Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигине келип түшкөн. Аталган элчиликтин басма сөз кызматынын билдиргенине караганда эгерде мектептерде белекке берилген китептер чындап эле сатылган фактылар кездешсе аны ата-энелер элчиликке билдирүүсүн өтүнүшкөн.

Орусия өкмөтү, Свердлов облусу, Татарстан жана Москва өкмөтү Кыргызстанга үч жылдын ичинде 300 миң окуу китебин жана окуу куралдарын белекке беришкен. Үстүбүздөгү жылы белекке берилген 100 миң окуу китептери өлкө аймагындагы мектептерге таратылган.

XS
SM
MD
LG