Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:29

Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы шайланды


БИШКЕК. Бүгүн Бишкек шаардык кеңешинин төрагалыгына Зоотбек Кыдыралиев шайланды. Аны колдоп жыйынга катышкан 43 депутаттын 38и добуш берди. Зоотбек Кыдыралиевди бул орунду ээлөөгө татыктуу деп президент Аскар Акаев көрсөткөн. Шаардык кеңештин башка депутаттары төрагалык орунду ээлөөгө өз талапкерлигин көрсөтпөгөндүктөн жашыруун добуш берүүгө бир гана Зоотбек Кыдыралиевдин талапкерлиги коюлду.

1949-жылы Талас облусунда төрөлгөн Зоотбек Кыдыралиев 16 жыл жогорку окуу жайында окутуучу, Улуттук университеттин экономика факультетинин деканы, Бишкек шаарынын финансы башкармалыгынын башчысы болуп иштеген жана 1999-жылдан бери шаардык кеңештин төрагасы. Ага өткөн жума күнү президент Аскар Акаев "Кыргызстандын эмгек сиңирген экономисти" деген наам ыйгарды.

XS
SM
MD
LG