Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:55

Ооган президенти Хамид Карзай БУУнун кызматкерлери уурдалышын айыптады


БУУнун түндүк ирландиялык, косоволук жана филиппиндик үч кызматкери согушкерлердин колунда турганын чагылдырган видеотасма эл аралык телеканалдар тарабынан көргөзүлгөн эле. Өзүн "Мусулман армиясы" деп атаган топ БУУ менен катар чет элдик аскерлердин баары Ооганстандан кетип, АКШ мусулман туткундардын баарын абактан чыгарбаса, шаршембиде барымтадагылардын өмүрүн кыярын эскертүүдө. Ооганстандын коргоо министрлигинин өкүлү генерал Захир Азими бүгүн Рейтерге берген интервьюсунда барымтачылардын талабы тууралуу мындай деди:

-Адегенде алар белгилеген акыркы мөөнөт шаршемби эле, андан жумага чейин узартышты. Бул уурдап кеткендердин арасында катуу карама–каршылык бардай таасир калтырууда. Ушундан улам биз алар белгилеген акыркы мөөнөткө олуттуу маани бере албайбыз.

XS
SM
MD
LG