Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:14

АКШ шайлоо алдында


Добуш берүү 2-ноябрда өтөт. Талапкерлер жеңиш үчүн маанилүү роль ойноочу штаттарды кыдырып, соңку үгүт иштерин жүргүзүүдө. Демократиялык партиянын талапкери Жон Керринин болжолунда, добуш берүүгө келген атуулдардын саны мурдагы шайлоолордон кыйла жогору болот.

Азыркы президент Жорж Буш акыркы күндөрү америкалыктарга кайрылып, "мага катарлаш бол" деген чакырыктарын утур–утур кайталоодо.

Көз карандысыз сурамжылоолор электорат эки бөлүнгөндүктөн, талапкерлердин бири да алдыга ишенимдүү чыккандай көрсөткүчкө ээ эмес экенин көргөзүүдө. Аналитиктер шайлоонун жыйынтыгы балким, бүткүл өлкө боюнча эмес, "уруш талаасы" катары эсептелген саналуу штаттардагы добуштардын натыйжасында аныкталарын айтышууда.

XS
SM
MD
LG