Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:44

Кошмо Штаттарында бүгүн президенттик шайлоо өтөт


АКШнын президенти Жорж Буш жана сенатор Жонн Керри кечээ кимге добуш берээрин чече элек америкалык атуулдарды өз тарабына тартуу аракетин улантышты. Сурамжылоо эки талапкердин теңме-тең келатканын көрсөтүүдө.

Шайлоо өнөктүгүнүн соңку сааттарында республикачы Буш Керрини Ирак согушуна 87 миллиард доллар сарптоо планы боюнча пикирин кайрадан өзгөрткөнүн сынга алып, ортозаар демократтарды өз тарабына өтүүгө үндөдү:

- Эгер сиз демократ болсоңуз, бирок партияңыз артыкча эле сол тарапка ооп кетти деп ойлосоңуз, мени менен бир катарга турууга чакырам. Эгер сиз азчылыктын өкүлү болсоңуз жана эркин ишкердикке, жакшы билим берүүгө, диний ишенимдер менен үй-бүлө баалуулугун сактап калууга ишенсеңиз, келип мага кошулууну суранам.

Ал эми демократ Керри Бушту кыйын кезеңде айрыкча Ирактагы кырдаал боюнча, америкалыктарга түз сүйлөй албаган лидер экендигине басым жасап, буларды кошумчалады:

- Америка үчүн жооп бере турган мезгил келди. Бүт дүйнө бизди карап турат. Бүгүн биздин бардык үмүттөр жана кыялдар бычактын мизинде.

Керри ошондой эле Бушту биринчи мөөнөтүндө жумуш орундарынын азайышына жол бергенин сынга алды.

XS
SM
MD
LG