Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:32

Талас облустук кеңешинин 22-сессиясы өттү


ТАЛАС. Быйылкы жылдын бюджетинин жарым жылдыгынын аткарылышы жөнүндө облустук каржы башкармасынын төрайымы Шамшидинованын билдиргенине караганда, 40 млн. 792 миң сом киреше табуунун ордуна, 40 млн. 562 миң сом киреше табылган. 40 млн. 399 миң сомдук чыгашанын ордуна 31 млн. 91 миң сомдук чыгашага гана каражат табылгандыгын айтты.

Таластын 60 жылдыгына даярдык иштеринде көпчүлүк жумуштар облустук ишкана, уюмдардын күчү менен бүткөрүлгөндүгү айтылып, шаар элин мобилизациялоо начар жүргөнү үчүн шаардык администрация сынга алынды. Февралда өтүүчү облустук кеңештин депутаттарын шайлоо боюнча 39 округ түзүлдү. Сессияда мурда күн тартибинде жок «Манас ордо» комплексинде саясий иш чараларды өткөрбөө маселеси коюлуп, депутаттар буга да макулдук берген токтом кабыл алышты.

XS
SM
MD
LG