Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:11

Хамид Карзай Ооганстандын президенти болуп ырасмий жарыяланды


Ооганстандын убактылуу өкмөтүнүн төрагасы Хамид Карзай 9-октябрда өткөн президенттик шайлоодо жеңди деп жарыяланды. Улуттар Уюму менен Ооганстан бирге түзгөн ортолук шайлоо комиссиясынын төрагасы Заким Хан бүгүн Кабулда өткөн салтанатта Карзайдын жеңишин тастыктады.

Билдирүү атайын топ добуш берүү калыс өттү деген тыянакка келип, Карзай үчүн шайлоочулардын 55 проценттен ашууну добуш бергенин ырастагандан кийин жасалды. Топтун мүчөсү, канадалык Грейг Женнисстин маалымдашынча:


–2004-жылдагы Ооганстандагы президенттик шайлоо тынч жана коопсуз жагдайда, эл жапырт чыгып, көптөгөн аялдардын катышуусу менен өттү.

Британиянын премьер-министри Тони Блэр Карзайды жеңиши менен куттуктаган катында шайлоо “талиптерден кийинки демократиянын чоң арымын” көрсөтүүдө деп белгиленет.

НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Скеффер альянс Карзайга өлкөдө тынчтыкты орнотууга көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

XS
SM
MD
LG