Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:34

Ассоциация Конституциялык сотко кайрылды


БИШКЕК. Кечээ «Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар» ассоциациясы шайлоо учурунда бармак басууну кепилдеген мыйзамды териштирип берүү өтүнүчү менен Конституциялык сотко кайрылды. Ассоциация төрайымы Токтайым Үмөталиеванын айтымында бул мыйзамды кабыл алууда Жогорку Кеңеш «Нормативдик документтерди кабыл алуу тууралуу» мыйзамды бузган.

Башкача айтканда парламент өкмөт менен макулдашкан эмес жана каржылык булактар аныкталган эмес.

Үмөталиеванын белгилегенине караганда, Конституциялык сотко жолдогон арызга 100 чамалаш бейөкмөт уюмдар жана 300 чамалаш жарандар тилектештик билдирүүдө. Жогорку Кеңеш кабыл алган бул мыйзамды депутат Өмүрбек Текебаев иштеп чыккан жана мыйзамга президент Аскар Акаев 26-октябрда кол койгон.

XS
SM
MD
LG