Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

БУШТУН КАЙРА ШАЙЛАНГАНЫ ДҮЙНӨДӨ АР БАШКА КАБЫЛ АЛЫНУУДА


Нарын АЙЫП, Прага Жорж Буштун экинчи мөөнөткө АКШ президенти болуп шайланганына дүйнө мамлекеттеринде көз караш негизинен оң, бирок айрым терс пикирлер да айтылууда. Франция менен Алманиянын жетекчилиги АКШнын жаңы өкмөтү менен кызматташуу жакшыра турганына үмүттөнгөнүн билдирсе, кээ бир азиялык гезиттерде АКШны сындаган макалалар да чыкты.

АКШнын негизги колдоочулары Австралия, Британия, Жапания жана Түштүк Кореянын жетекчилери дароо президент Жорж Бушка же телефон чалып, же телеграмма жиберип, аны жеңиш менен куттуктады. Анткен менен Британия премьер-министри Тони Блэр кубануу жана куттуктоо менен кошо Жакынкы Чыгыш маселесин чечүү боюнча ал АКШнын жаңы жетекчилигине басым жасоого аракеттене турганын билдирди:

-Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу аракеттерин жандантуу - азыркы дүйнөдөгү эң маанилүү маселе. Ошондуктан биз тайманбастан террорчулукка каршы согушту улантып, террорчулардын аракеттерине шарт түзгөн абалды жок кылууга тийишпиз.

Австралиянын премьер-министри Жон Говард Бушка телефон чалып куттуктады жана анын жеңишин мыкты деп атады. Жапаниянын өкмөт башчысы Дзюнитиро Коидзуминин айтымында, Буш анын досу болгондуктан, анын жеңишинен Жапанияга пайда гана тийет. Түштүк Кореянын президенти Но Му-хен Бушка телеграмма жиберди жана АКШнын көмөгү менен Түндүк Кореянын өзөктүк изилдөөлөрүнөн чыккан маселе оң чечилеерине ишенгенин билдирди. Тайвандын президенти Чен Шуй-бян жиберген телеграммада болсо президент Буштун бийлиги алдында акыркы төрт жыл ичинде адам укуктарын коргоо багытында улуу жетишкендиктер болду деп айтылат.

Бириккен Улуттардын баш катчысы Кофи Аннан дүйнөлүк маселелерди АКШ жетекчилиги менен биргелешип чечүүгө ал даяр экенин өзүнүн басма сөз өкүлү аркылуу билдирди. Орус президенти Владимир Путиндин айтымында, Буштун жеңгени террорго каршы күрөштө да жеңиш боло турганынын жышаанасы. Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер жана Франция президенти Жак Ширак дагы алардын өлкөлөрү менен АКШ ортосундагы үзүрлүү кызматташуу улана турганын билдиришти.

Кытайдын төрагасы Ху Цзинтао Вашингтон менен Бээжин ортосундагы кызматташуу өрчүй турганына ишенгенин билдирди. Бирок Кытайдын өкмөттүк гезитинде 1-ноябрда жарыяланган макалада АКШ катуу сынга алынганы тууралуу Бээжин кошумча эч нерсе деген жок. Ал макаланын автору, Кытайдын мурдагы тышкы иштер министри Цзян Цичендин пикиринде, менменсинген Вашингтон бүткүл дүйнөнү бийлегиси бар. Индонезияда абакта отурган динаятчы Абу Бакар Башир дагы атайын билдирүү жасап, анын өлкөсүнүн жетекчилиги Вашингтондун куурчагына айланды деп жарыялады.

Малайзиянын "Берита хериан" деген гезитинин жазышынча Ирак, Ооганстан жана Палестинада өлүп жаткан балдардын кыйналганын көрбөш жана укпаш үчүн америкалык шайлоочулар дүлөй жана сокур болуп алышты.

4-ноябрда Францияда акыркы элдик сурамжылоонун жыйынтыктары жарыяланды, суралгандардын 23 гана пайызы Буштун кайрадан президент болуп шайланганын жактырган, 65 пайыз адам болсо андан жакшы эч нерсе күтпөш керек деп билдирген. Брюсселдеги Европа саясаты боюнча борбордун эксперти Жованни Гревинин айтымында, Буштун президенттик орунда дагы төрт жылга калганынан АКШ менен Европа Биримдиги ортосундагы кызматташуу дагы төрт жылга чейин оңолбойт деп ишенсе болот.

"Гринпис" аттуу экологиялык уюмдун Гоңкоңдогу кеңсеси да атайын билдирүү таратып, Буштун бийликте калганы - Азиядагы экологияны оңдоого багытталган аракеттерге балта чабылганга барабар деп айтты. Сингапурдагы Коопсуздук жана стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти Эндрю Тандын пикиринде, эгер Вашингтон өзүнүн азыркы тышкы саясатын өзгөртпөсө, Азиядагы экстремисттик исламдык уюмдардын аракеттери күчөшү мүмкүн. Австралиянын Улуттук университетиндеги Антитеррордук борбордун деректири Клив Вильямстын айтымында, Буштун кайрадан президент болуп шайланганы "ал-Каида" жана башка террордук уюмдарга жагат, анткени Иракка каршы башталган согуш сыяктуу каталар алардын аракеттерине жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

XS
SM
MD
LG