Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Франция президентинин айтымында, Ирактагы шайлоо мөөнөтүндө өтүүгө тийиш


Франция президенти Жак Ширак бүгүн Брюссел шаарында Европа Биримдигинин бийик жолугушуусунда чыгып сүйлөп, Ирактагы шайлоо белгиленген мөөнөттө өткөрүлүүгө тийиш деп билдирди:

-Бириккен Улуттардын 1546-резолюциясы менен Ирактагы саясий жараяндардын так мөөнөтү бекитилген жана андан тышкары чет өлкөлүк аскерлерди качан чыгарып кетүү дагы белгиленген. Бул чечим баркталып, ал аткарылууга тийиш. Демек шайлоо дагы белгиленген мөөнөттө жогорку деңгээлде жана ачык маанайда өткөрүлүш керек. Ал шайлоого мүмкүн болушунча Ирак коомунун бардык катмарлары катышууга тийиш.

Жолугушуудан кийин Ширак Бириккен араб эмираттарына шейх Зайед бин Султан ал-Нахаяндын тажыясына катышууга учуп кетти жана Брюсселге келген Ирактын премьер-министри Айяд Аллави менен жолуккан жок. Кечээ күнү Аллави Алмания менен Францияны сындап, алар Ирак маселелерин чечүүгө жакшы катышпай жатат деп билдирген.

XS
SM
MD
LG