Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:33

ЭМДИГИ ЖЫЛДЫН БЮДЖЕТИНИН 40% ТЫШКЫ КАРЫЗДЫ ТӨЛӨӨГӨ ЖУМШАЛАТ


Парламенттин Эл өкүлдөр жыйыны эмдиги жылдын бюджетин 1-окуудан өткөрүштү. Палатанын жыл аягына чукул өтчү сессиясында 2005-жылдын бюджети толугу менен кабыл алынышы күтүлүүдө. Эмдиги жылдын бюджетинин олуттуу проблемасы тышкы карыздар болууда. Париж клубуна кирген өлкөлөр Кыргызстандын тышкы карыздарынын кыйласын кечип ийбесе, өлкө кыйла эле оор жагдайга кабылары турулуу иш.

Эларалык валюта корунун миссия жетекчиси Тапио Саавалайнен 2005-жылдын бюджет долбоору август айында эле даярдалып, негизги параметрлери аныкталып калганын парламент талкуусуна чейин эле ачыкка чыгарган:

- Биз азыр сандык көрсөткүчтөрдү тактоонун үстүндө иштеп жатабыз. 2005-жылдын бюджетинин негизги маселелери август айында эле такталып иштелип чыккан. Бюджет долбоорунун талкуусу парламенттин жогорку палатасында кандай өткөнүн телекөрсөтүүдөн көрдүм. Менин чала-моңол орусча билгеним парламентте болгон кеп-сөздү так түшүнүүгө мүмкүндүк бербеди. Бир жумадан бери парламентте жүргөн Каржы министри менен да жолугуша албадым, - деп айтты Тапио Саавалайнен.

Эларалык каржы уюмунун өкүлүнүн антип Кыргызстандын бюджетине кадыресе маани берип, көңүл буруп атышынын жөнү бар. Быйыл Кыргызстан Эларалык валюта корунун үч жылдык программасын аягына чыгарды. Дагы жаңысын түзүп чыгуу милдети турат. Анын үстүнө эмдиги жылдын март айында Париж клубуна кирген өлкөлөрдүн Кыргызстандын тышкы карызынын биртобун кечип жиберүү же жибербөө маселеси чечилмекчи.

Парламенттин Эл өкүлдөр жыйынынын депутаты Муратбек Мукашевдин ырасташынча, 2005-жылдын бюджетинин кыйла акчасы тышкы карыздарды жоюуга жумшалат:

- Бюджеттин чыгаша жагына тышкы, ички карыздарды төлөгөнгө 6 миллиард 200 миллион сом каралган. Эгерде республикалык бюджеттин кирешеси 16 миллиард 200 миллион сом болсо карыздар ошонун 37,4% түзөт. Бул социалдык бюджет болбойт деген сөз.

Муратбек Мукашев эмдиги жылдын бюджети саясий мааниге ээ дейт. Февраль айында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өтөт. Жыл президенттик шайлоо менен жыйынтыкталат.

Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын бюджет жана каржы маселелери боюнча комитет төрагасы Жеңишбек Эшенкулов өлкөнүн негизги экономикалык документи айрым бир алымча-кошумчалар менен жыл аягына чейин кабыл алынат, деп эсептейт. Анын айтуусунда, Кыргызстан үчүн оор проблема - коррупция, бюджет акчасын мыйзамсыз чыгымдоо, уурдап-тоноо учурларынын жыл сайын арбып баратышы болууда.

- Бюджетти бекиткен менен биз аны үнөмдөй албай жатабыз. Мамлекеттик бюджетти жеп-ичүүлөр, тоноолор, уурдоолор жылдан-жылга өсүп жатат. Аларды кайрадан мамлекеттин казынасына кайтаруу болбой жатат. Мына, эсептөө палатасынын справкасын карасаңыз. Жылдан-жылга бюджеттик мекемелерди текшерүү көбөйүп жатат. Мыйзам бузуулар да көбөйүүдө. Бирок мамлекеттин казынасына кайтарып алып келүү жок болуп атат. Көпчүлүк мыйзам бузган жетекчилер жазасыз калышууда,- дейт Жеңишбек Эшенкулов.

Муратбек Мукашев кийинки кездери мактаныч менен айтылчу экономикалык туруктуу өнүгүү ырааты өз майнабын берелек деген пикирде:

- Эгерде 1991-жылы ички дүң продукциянын бир адамга келген көлөмү Кыргызстан боюнча 3324 доллар болсо 2005-жылкы бизге көрсөтүп аткан бюджет долбоорунда ал 407 долларды түзөт. Мына ушуну эле айтса болот.

XS
SM
MD
LG