Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:35

«Концессия жөнүндө» мыйзам кабыл алынды


БИШКЕК. 9-ноябрда Мыйзам чыгаруу жыйыны "«Концессия жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү-толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык өлкөдөгү статегиялык маанилүү ишканалар Жогорку Кеңештин эки жолу кароосунан - уруксатынан кийин гана концессияга же белгилүү бир мөөнөткө башкарууга берилет.

Тагыраак айтканда, концессияга берилүүчү ишкана адегенде өкмөттүн сунушу менен парламентте каралат. Андан соң мына ошол стартегиялык маанилүү обьектти концессияга берүүнүн шарттары тууралуу кыргыз өкмөтү менен концессионердин ортосундагы келишим экинчи жолу Жогорку Кеңеште каралышы зарыл.

XS
SM
MD
LG