Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:34

Ричард Эрмитаж Ооганстандагы сапарын аяктоодо


КАБУЛ. АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Ричард Эрмитаж Улуттар уюмунун мындан эки жума мурда барымтага кармалып кеткен үч кызматкери аман-эсен бошотулаарына үмүтүн билдирди.

Барымтачылар түрмөдө отурган 26 талипти бошотууну талап кылып жатышат. Ошону менен катар эле Эрмитаж АКШ Ооганстандын чарбасын калыбына келтирүү убадасына бек тураарын билдирди:

-Биз чөлкөмдө аскерлерибизди туруктуу кармап турууга ниетибиз жок. Анын бизге кереги да жок. Азыр биз "ал-Кайыда" менен Талибанды жойушубуз керек болуп жатат, бирок кайсы бир убакта Ооганстандын улуттук армиясы өлкөнүн коопсуздугу үчүн кам көрүүгө жөндөмдүү болот?..,- деди Эрмитаж.

XS
SM
MD
LG