Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

КАЗАКСТАНДА БОРБОР АЗИЯЛЫК УЮШКАН ТОП КАРМАЛДЫ


11-ноябрда Казакстандын улуттук коопсуздук комитети "Ал-Каида" террористтик уюмуна тиешеси бар топтун бети ачылганын жарыялады. 13 казак жана өзбек жарандарынан турган ал уюм Өзбекстанда кандуу окуяларды уюштурууга камданып жаткан экен. "Борбор Азиядагы мужахединдер жамааты" деп аталган уюмдун эки жетекчисинин бири Кыргызстандын жараны болуп чыкты.

Астанада өткөн маалымат жыйынында Улуттук коопсуздук комитетинин төрага орун басары Владимир Божко жаңыдан кармалган "Борбор Азиядагы мужахединдер жамаатынын" ишмердиги айгинелегендей, Казакстанда террорчул уюмдар өз аракетин тымызын жайылтып, өлкөнүн коопсуздугуна чындап коркунуч келтире баштаганын белгиледи.


Владимир Божко андан ары маалымдагандай, Казакстандын атайын кызматы "Ал-Каида" менен карым-катнашы бар бул уюмдун 13 мүчөсүн камакка алды. Алардын тогузу Казакстандын, төртөө коңшулаш Өзбекстандын жарандары экен.

Түштүк Казакстан облусунда кармалган дагы 4 аял – "Мужахединдер жамааты" тарабынан уюмдун чагымчыл ишмердигине азгырылып тартылган курмандыктар катары каралууда. Колго түшкөн мужахединдердин жанынан экстремисттик үндөө-чакырыктарга жыш толгон аудио-видеотасмалар, баракчалар, эң башкы "ал-каидачы" Осама бин Ладендин кайрылуусу, курал-жабдыктын түрлөрү, жардыргыч заттар жана жасалма документтер кармалган.

Баарынан да кызыгы, Борбор Азияда кармалган "Ал-Каиданын" алгачкы бутагы катары сыпатталган уюмдун эки жетекчисинин бири – Кыргызстандын жараны Жакшыбек Биймырзаев экени жарыяланды.

-Уюмду башкаруу иши чет өлкөдөн бул жердеги эки жетекчи аркылуу жүзөгө ашырылып турган. Алар - Өзбекстандын жараны Бекмурзаев Ахмед, ал жазында Ташкендеги теракттар маалында ок тийип өлгөн жана Кыргызстандын Талас облусунда туулуп өскөн Жакшыбек Биймурзаев болуп чыкты. Кыргызстандын коопсуздук кызматы менен биргелешкен операция маалында кармалган Биймурзаевдин үч паспорту бар экен, ал да жаздан бери Өзбекстанда уюшулган теракттарды даярдоого катышкан.


Казакстандын улуттук коопсуздук комитетинин өкүлү Божконун айтымында, "Борбор Азиядагы мужахединдер жамааты" 1992-1996-жылдары Талас облусунда бардыгы 50дөй кишини экстремисттик-террордук аракеттерге машыктырып үйрөткөн.

Ошентип, Казакстандын атайын кызматы Борбор Азия өлкөлөрүндө өз ишмердигин жакшылап жайылтууга үлгүргөн кылмыштуу топтун бети ачылганын жарыялады. Бул жаңылыкты бирок жергиликтүү аналитиктер ар кыл маанайда комментарийлөөдө. Маселен, Алматылык саясат таануучу Дос Көшим сот тарабынан көзгө баса далилденип, өкүм чыгарыла элек ишти жарыялоонун артында башка бир максаттар да болушу мүмкүн деген пикирде.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG