Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:03

Йасир Арафаттын сөөгү Рамаллада жерге берилди


Палестиндердин лидери Йасир Арафаттын сөөгү Рамаллада жерге берилди. Коопсуздук күчтөрү асманга ок аткылап, ал жерде чогулган элдин толкунун жарып отуруп, маркумдун табытын тажыя өтчү жерге алып баруу узакка созулду.

Анын алдында Арафат менен коштошуу каадасы анын туулган жери, Мисирдин башкалаасы Каирде болуп өткөн. Ал жердеги аскердик базадагы мечитте маркумдун жасатына жаназа окулуп, андан кийин атчан аскерлер кербени Арафаттын жыгач табытын маркум менен коштошууга чогулган 40тай мамлекет башчылары менен башка ырасми адамдардын алдында алып өттү.

Иерусалимде Арафат менен коштошууну каалаган жүздөгөн палестин жаштары алардын жолун тоскон Израил полициясы менен кагылыша кеткени кабарланды. Полициянын басма сөз өкүлү Гил Клейман Израил палестиндердин чабуулдарынан чочулап, күчөтүлгөн тартипте иштеп жатканын айтат.

XS
SM
MD
LG