Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:10

Николай Танаев Ош шаарында болду


ОШ. Премьер-министрдин иш сапары шаардын Актилек кичи районунда жаңы курулган насостук бекеттин ишке берилиш салтанатына катышуу менен башталды. Ош шаарына караштуу Жапалак айыл өкмөтүнүн эли менен жолугушту. Андан кийин Николай Танаев Баткен когалаңында курман болгон жоокерлерге арналып тургузулган жаңы эстеликке гүл коюп келип, Оштун 3000 жылдык тарыхын тастыктаган Санктпетербургдук окумуштуу археолог Юрий Заднепровский менен кыргыз элинин 19-кылымдагы эң көрүнүктүү тарыхый инсаны, саясий жетекчи Алымбек датканын эстелигин ачуу аземдерине катышты.

Премьер-министр Ош шаарын 2001-2010-жылдарда өнүктүрүү программасынын аткарылышын талкуулаган жыйынга да катышып, сөз сүйлөдү. Ал ушул эле күнү кайра Бишкекке сапар алды.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG