Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:45

Париж саммити Кыргызстанга берилген жардамдарды талкуулайт


БИШКЕК. Донордук жардамдарды бири-бирине айкалыштыруу маселеси келерки жылдын март айында Францияда талкууланганы жатат. Мындай кабарды тыштан инвестиция тартуу боюнча консультативдик кеңештин катчылыгы таратты.

Парижде өтө турган бул форумга эларалык каржы уюмдарынан каржылык колдоо алган алты өлкөнүн, атап айтканда, постсоветтик Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Тажикстан мамлекеттеринин жана Монголиянын өкүлдөрү катышат. Саммиттин алкагында көп тараптуу жана эки тараптуу жолугушуулар болуп, каржылык жардамдарды айкалыштыруу жана "Миң жылдык өнүгүүнүн чакырыктары" талкууланат.

XS
SM
MD
LG