Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:22

Каржы министри Кытайда


БИШКЕК. Кыргызстандын каржы министри Болот Абилдаев 11-ноябрдан бери Кытай эл республикасында иш сапарда жүрөт. «Кабар» улуттук агенттиги тараткан маалыматка караганда, бул иш сапардын учурунда эки мамлекеттин каржы министрлери өз ара кызматташтык тууралуу макулдашууга кол коюулары болжолдонгон.

Иш сапар учурундагы жолугушууларда негизги көңүл эки өлкөнүн статистикасын бири-бирине айкалыштыруу, товарларды экспорттоо жана импорттоонун эсебин алуудагы айырмачылыктарды тактоо өңдүү маселелер талкууланып, эларалык стандартка ылайык кызматташууда бири-бирине колдоо көрсөтүү боюнча макулдашат. Кыргызстандык экономист адистерди Кытайда даярдоо, чегарадагы бажы постторун жабдууну жакшыртуу өндүү маселелерди талкуулашат.

XS
SM
MD
LG