Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:06

Жалалабадда да орозо айт белгиленди


ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад шаарындагы башкы Альбухари мечитиндеги намазга төрт миңден ашык адам жыгылды. Өлгөндөрдүн арбагына куран окутулуп, тирүүлөргө ден соолук, тынчтык, ынтыкмакты каалашты. Жетим-жесир, майып жана сабырларга кайыр-садага берилип, имам, молдолорго элден жыйналган орозо битир тапшырылды. Жакындарынан айрылгандар айттык мааракелерин өткөрүшүп, көз жумганына бир жыл толгондордун үй бүлөө, туугандары көк кийимдеринен арылып, ак кийим кийишип, жакалары агарды.

Облуста төрт жүз кырк жети мечит бар. Болжол боюнча облустагы бир миллиондон ашык жарандын 90-95 пайызын ислам динин тутунгандар түзөт.

XS
SM
MD
LG