Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:44

Ошто да айт майрамы белгиленди


ОШ. Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин имаратынын астындагы борбордук аянтта айт намазы окулду. Ал жерде намазга беш миңден ашык мусулман жыгылды. Айт намаз экинчи жыл ушул аянтта окулушу.

Намаздын алдында Ош облустук мусулмандар казысы Саипжан ажы Абдувахидов шарияттан маселе жана майрамдык куттук айтып келип, арабиялыктардын үгүтү менен бир күн мурда 13-ноябрда орозону соңуна чыгарып, ооз ачып алган оштук мусулмандарга кине койду.

Ар жердин убакыт-сааты айырмалуу болгондуктан, Кыргызстанда арабиялыктардыкынан бир күн кийин айт майрамы келээрин баса белгиледи. Өзүмбилемдик шариятка туура келбестигин эскертти.

Айт намаздын алдында мусулмандарды Ош облус губернатору Накен Касиев, Ош шаар мэри Сатыбалды Чырмашев куттукташып, өздөрү да намазга жыгылышты. Ошто борбордук аянттан сырткары элүү чакты мечитте айт намазы окулгандыгы маалымдалууда.

XS
SM
MD
LG