Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:34

Палестинада президенттик шайлоо 9-январда өтөт


Израилдик дипломат Саеб Эракат Израил телевидениесине бүгүн берген интервьюда, шайлоо өнөктүгү учурунда жаңылыштык кетирилсе, “кайрадан кан төгүүлөр жана зобун-зордуктар башталат” деди. Президенттик шайлоо 9-январга белгиленген.

Өткөн түнү Газа шаарында Арафаттын “ФАТА” кыймылынын жоокерлери менен Палестин боштондук уюмунун жаңы башчысы Махмуд Аббастын күзөтчүлөрү атыша кетти. Атышууда эки адам набыт болду.
Аббастын айтымында:


- Кызуу кандуулук- төрага Арафаттын өлүмүнүн натыйжасы болду. Эл көп болуп, тирешүү чыкты. Кээ бирөөлөр асманга ок атышты. Биз элди тарап кетүүгө чакыргандан кийин алар тарап кетишти. Андан башка эч нерсе да болбоду.

XS
SM
MD
LG