Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:34

КОЛИН ПАУЭЛЛДИН КЕТИШИ ВАШИНГТОНДУН АЙРЫМ ШЕРИКТЕРИ ҮЧҮН ЧОҢ ЖОГОТУУ БОЛДУ


Ак-Үйдөгү айрым булактар мамлекеттик катчы Колин Пауэллдин ордуна Буштун улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондилиза Райс айым келет деп ырасташууда. Кечээ АКШнын тышкы мекемесинин жетекчиси Пауэллдин отставкага кетип жаткандыгы жөнүндө жарыяланган эле. Бир катар байкоочулар Вашингтон администрациясындагы эң байистүү саясатчы делинген Пауэллдин ордун толтуруу кыйын болот дешүүдө.

Американын дипломатиясын башкарууга ким келээри азырынча расмий айтыла элек. Батыш маалымат каражаттары Ак-үйдөгү жогорку кызматкерлерге шилтеме берип, жазгандай Буш мамлекеттик катчы кызматына Кондолиза Райсты көрсөтөт.

Дүйшөмбүдө Пауэлл аны алмаштыра турган киши дайындалмайынча кызматын аткара берээрин билдирген эле:

- Кызматымды аягына чейин аткарам деп ишендиргим келет. Президент Бушка, Америка элине улутка кызмат өтөө үчүн дагы бир мүмкүнчүлүк бергендиги үчүн ыраазымын.

Айткандай эле, мамкатчы отставкасы жарыяланган күнү кадимкидей эле режимде иштеп, Израилдин тышкы иштер министри Сильван Шалом менен жолугушту. Апта соңунда ал Азия-Тынч океан экономикалык конференциянын саммитине катышуу үчүн Чилиге жөнөп кетет. Ал эми эмки жумада Египетке жол тартат. Ал жерде Ирак боюнча эл аралык форум өтөт.

Пауэлл Буштун айланасында үстөмдүк кылган консерваторлор делинген вице-президент Дик Чейни, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Кондолиза Райс, коргоо министри Доналд Рамсфелд жана юстиция министри Жон Эшкрофттон айрмаланып, байистүү саясатчы катары бааланып жүрөт.

Мамлекеттик катчы бир топ олуттуу маселелер, өзгөчө Ирак согушу боюнча Буштун командасындагы башка негизги оюнчулар менен талашып-тартышып келгени белгилүү. Пауэлл ошондой эле Вашингтон администрациясы Жакынкы Чыгыш тынчтык процессине көбүрөөк катышышы керек деген турумду ээлеп келген.

Карьерасын АКШ армиясында баштаган Пауэлл – төрт жылдыздуу генерал, мурда Куралдуу күчтөрдүн биргелешкен штабын жетектеген. Дүйшөмбүдө сүйлөгөн сөзүндө ал жогорку кызматтарда иштеп турган кезде ар кандай кыйынчылыктарга туш болгонун моюнга алды:

- Ар бир ээлеген кызматымда оош-кыйыштар болбой койгон жок. Өкмөттө иштесең проблемаларга карабай эмгектенип, мүмкүнчүлүктөр болгондо аларды колдон чыгарбай пайдаланып, кыйын маселелер кезиккенде аларды чечүүнү үйрөнүш керек. Мен ушул жолду карманууга аракеттендим.

Мамлекеттик катчынын башка өлкөлөрдөгү кесиптештери менен дурус мамилелерине Ирак кризиси чоң көлөкө түшүрдү. Согуш башталаардын алдында Пауэлл БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп, Саддам Хусейндин массалык кыргын салуучу куралы бар деп ырастаган эле. Андай курал азыркыга чейин табыла элек.

Вашингтондогу саясий борбордун эксперти Томас Каротерс Пауэллдин кетиши АКШнын айрым союздаштары үчүн чоң жоготуу болду деп эсептейт:

- Буш администрациясында Европа, Жакынкы Чыгыш, Азия жана башка жерлердеги шериктерибиздин кызыкчылыктарын эске алган жок дегенде бир киши бар деген ишенимден айрылдык.

XS
SM
MD
LG