Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Аксы окуясында жабырлангандарды коргоо Комитети эркин маалымат каражаттарына кайрылуу жолдоду


ЖАЛАЛАБАД. Кайрылууда 2002-жылдын 17-мартындагы Аксы районундагы кандуу окуяга укук коргоочу Турсунбек Акундун кармалганы түрткү болгону эскертилген. Жабырлануучуларды коргоо комитети «Кыргызстан элдик патриоттук» кыймылынын Аскар Акаевди кызматтан кетирүү иш чарасын колдойт. 17-ноябрдан бери дайыны белгисиз кыймылдын башчысы Турсунбек Акунду тезирээк табууну тиешелүү органдардан талап кылат, болбосо саясий акцияларды баштоону эскертишти. Аксылык алты жарандын өлүмүнөн жыйынтык чыгарбаган бийликти эсине келүүгө чакырган комитет өлкө башчысынын отставкасы үчүн кол топтогон жарандардын изине түшүү адам укугун бузуу жана демократияга туура келбеген жорук деп баалады.

XS
SM
MD
LG