Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:44

АКШ АСКЕРИЙ ЖЕТЕКЧИЛИГИ ЖАНА ИРАК ӨКМӨТҮ ФАЛЛУЖА ОПЕРАЦИЯСЫ ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАГАНЫН БИЛДИРДИ


АКШы аскерий жетекчилигинин айтымында, Ирактын Фалужжа шаарындагы чабуул учурунда козголоңчу күчтөргө олуттуу сокку урулду, өлкөнүн ар кайсы бөлүктөрүндөгү адватчы күчтөрдүн активдүүлүгү бошоңдой түштү. 10 күндүк операциянын натыйжасында согушчандардын жабыт жайы талкаланды.Алар эми Фаллужадан жаңы чабуулдарды уюштура албайт деп кошумчалады генерал-лейтенант Жон Саттлер. АКШы аскерлери баштаган күчтөр Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарындагы адаватчыларды да талкалоого жакын калганы кабарланууда.

Фаллужа шаарын бекем ээлеп жаткан сунни согушчандарына каршы чабуул башталгандан 11 күндөн кийин, операциянын башчысы, АКШы генерал-лейтенанты Жон Саттлер ал жетектеген аскерий күчтөр коюлган тапшырманы ийгиликтүү аткарганын жарыя кылды:

- Биз азыр, мен жана айтып кеткендей, эрегишчилердин “белин сындырдык” жана алардын коопсуз жабытын тартып алдык.

Саттлердин билдирүүсүндө, америкалык аскерлер Фаллужада душмандын командалык борборун табышты. Бу борбор, генералдын айтуусунда, түбү теги иорданиялык террорчу Абу Мусаб Заркавиге баш ийген топко таандык болушу мүмкүн. Кошмо Штаттары америкалык жана ирактык күчтөргө, ошондой эле карапайым адамдарга каршы көптөгөн чабуулдарды Заркави уюштурган деп эсептейт.
Ал, ошондой эле, аларды ирактык жана чет элдик жумушчуларды уурдап, барымтага алып өлүмгө дуушар кылганына да жооптуу деп күнөөлөдү.

Вашингтон Заркавинин башы үчүн 25 миллион доллар өлчөмүндөгү кун убада кылган.

Саттлердин кебине ылайык, Фаллужада бомба жасоочу ишкана, аскерий учактарды уруп түшүрүүнүн усулу жазылган көрсөтмө куралдар менен жабдылган окуу бөлмөсү да табылды. Фаллужаны козголоңчулардан бошотууда америкалык 51, ирактык сегиз жоокер окко учту. АКШнын 425, ирактын 43 аскери жарадар болду.Ал эми козголоңчулар 1200дөй жоокеринен ажырады. Миңден ашуусу туткунга алынды. Аман кутулган адватчылар Ирактын башка жерлеринде чабуул уюштурары айкын деп эскертти генерал.

Ал эми Фалужжаны калтырып кеткен мужахиддердин билдирүүсүнө ылайык, алар америкалык аскерлерди олуттуу жоготууларга учуратты. Эки учакты атып түшүрүштү.

Дүйшөмбү күнү АКШ армиясы апта ичинде фаллужалыктар өз үйлөрүнө кайтып келе беришсе болот деп кулак какты кылган эле. Бирок, генерал-лейтенант Саттлер 18-ноябрда: “Шаар тургундары жагдайга жараша кайтарылат”, - деп, маселени бүдөмүк калтырды.

Ирактын убактылуу өкмөтү да Фаллужадагы операция ийгиликтүү бүткөнүн жарыялап, шаардын саламаттык мекемелери оңдолот, урушта кыйраган үйлөрдүн чыгымы төлөнөт деп убада берди.

Америкалык жана ирактык аскерий жетекчиликтин жума күнү маалымдашынча, Багдаддан жөнөтүлгөн аскерлер түндүктөгү Мосул шаарына чукулдап калышты. Апта башында согушчандар Мосулдагы бир нече полиция бөлүкчөсүн басып алышып, шаарга өз тартибин орното башташкан.

XS
SM
MD
LG