Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:59

Ыссыккөлдө «Экономиканы жөнгө салуу» Концепциясы талкууланууда


БИШКЕК. Бүгүн Чолпон-Ата шаарында «Экономиканы кайра жөнгө салуу» Концепциясы талкууланган тегерек үстөл жыйыны башталды. Аталган Концепция үстүбүздөгү жылдын февраль айында президент Аскар Акаевдин жарлыгы менен кабыл алынган. Анын негизги максаты: өлкөдө чет элдик инвестициялардын тартылышына, ишкердикти өнүктүрүүгө жагымдуу шарттарды түзүү, экономикалык көрсөткүчтөрдү жогорулатуу. Тегерек үстөл жыйынына президенттин администрациясынын, өкмөт аппаратынын, бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышууда. Жыйында белгиленгендей, эгерде Экономиканы кайра жөнгө салуу Концепциясы ишке ашырылса, өлкөнүн ички дүң продуктун жылына кошумча 1 пайызга жогорулатууга, чет элдик инвестицияларды көбүрөөк тартууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Аталган Концепцияны талкуулоо эртең улантылып, резолюция кабыл алынат.

XS
SM
MD
LG