Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:57

Палестинада президенттик шайлоо өнөктүгү башталды


Автономия аймагында бүгүн маркум Ясир Арафаттын ордун баса турган адамды тандоо өнөктүгү расмий түрдө башталды. 9-январда өтө турган президенттик шайлоого катышчу талапкерлер алдыдагы 12 күн ичинде аныкталат. Азырынча Палестинанын президенттиги үчүн "Хамастын" мурдагы лидери шейх Талал Сидр, окумуштуу Абдел Сатар Касем, Израилде түрмөдө отуруп чыккан таанымал көтөрүлүшчү Марван Баргути көз карандысыз талапкерлер катары катышаарын айтышкан. Ал тапта палестин премьери Ахмед Курейи ишембиде АКШы чабарманы менен жолугуп, келерки жумада Вашингтондо өтчү сапарын талкуулады. Курейи анда АКШдан Жакынкы Чыгышта бейпилдик орнотуу боюнча "жол картасы" планын ишке ашыруу жаатында кепилдик алууну көздөрүн айтты.

XS
SM
MD
LG