Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:01

Иракта бүгүн козголоңчулар кеминде сегиз кишини өлтүрүштү


Алардын арасында бир АКШ аскери да набыт болгону маалымданган. Америкалык командачылык Мосулда 15 козголоңчу мерт болгонун кабарлаган. Багдадда бүгүн козголоңчулар тобу полиция бөлүмүнө кол салып, үч полициячыны атып өлтүрүшкөн, Коомдук иштер министрлигинде иштеген дагы төрт кызматкер жолдо баратып окко кабылып жан берген. Пентагон январга белгиленген шайлоо алдында Иракка кошумча 5000дей аскерин жөнөтөрүн жарыялады. Ирактагы америкалык аскерлердин басма сөз өкүлү Мосул калаасында башы кесилген төрт өлүк табылганын билдирген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG