Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:27

Турсунбек Акундун дайыны дале белгисиз


БИШКЕК. «Кыргызстан укук коргоо кыймылынын" төрагасы Турсунбек Акундун дайынсыз жоголгондугуна бир дагы мамлекеттик же тартип коргоо органынын жана коопсуздук кызматынын тиешеси жок»,-деп билдирди бүгүн ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов. Анын айтымында, ички иштер министрлиги жана улуттук коопсуздук кызматы Турсунбек Акунду кармоого кызыкдар эмес.

«Ал эми Турсунбек Акунду кандайдыр бир адамдар өз кызыкчылыгы үчүн кармап жатышса жана алардын аракетинин мыйзамсыз экендиги аныкталса, алар мыйзам чегинде жоопко тартылат»,-деди Жолдошбек Бусурманулов.

-Турсунбек Акун президент Аскар Акаевди кызматтан кетирүү үчүн кол топтоп, 17-ноябрда митинг өткөрүүгө камданып жаткан кезде аны кармоо келесоонун иши,- деп кошумчалады ал.

Андан тышкары Турсунбек Акундун жубайынын 18-ноябрда Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнө берген арызы боюнча издөө жарыялангандыгын жана министрликтин паспорт-виза башкармалыгы аркылуу КМШдагы мамлекеттерге маалымат жөнөтүлгөндүгүн билдирди Бусурманкулов.

Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акун 16-ноябрда кечинде үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз.

XS
SM
MD
LG