Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:17

КЫРГЫЗСТАН НАРКОКЫЛМЫШТЫН УУРУ ЖОЛУНА АЙЛАНДЫБЫ?


Султан Раев, Бишкек Кыргызстан наркокылмыштын негизги трафигине айлануу коркунучунда турат. Эксперттердин маалыматына таянсак акыркы учурда наркокылмыш 10 пайызга өскөндүгү байкалат. Трансулуттук маанидеги бул кылмышка бир нече күчтүү куралданган наркотоптор кирет. Кыргызстан азыркы күндө наркокылмыштын негизги артериясына айланды.

Азыркы реалдуу абал ушул ойдун тууралыгын тастыктап келет. Өлкөнүн укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча наркокылмыш акыркы учурларда көбөйүп бараткандыгы, ал гана эмес өзүнүн формасын жана мазмунун бүгүнкү кырдаалга карата өзгөртүп жатат дейт байкоочулар.

Орусиялык басма сөз маалыматтарынын билдирүүсүнө таянсак Кыргызстан барган сайын наркокылмыш чөйрөсүнүн негизги бутасына айланып баратат. Ал гана эмес эч кандай өндүрүш инфраструктурасы жок, бирок аябагандай байып жаткан адамдардын жең ичинен наркокылмыш менен түздөн-түз байланышы бар экендигин орусиялык эксперттер да байма-бай айтып келүүдө.

Орусия укук коргоо органдары тарабынан кармалган наркокылмыштардын изи Кыргызстанда уланып, Орусиядан ары Европага өтүп баратат деп айтылып келет. Билинбегени менен Кыргызстанды туш-туш тараптан бутага алган наркомафиялар айрым булактардын айтымында укук коргоо, бийлик адамдарынын калкалоосу алдында жүрүп жаткандыгы, анын тамыры барган сайын терең жайылып бараткандыгы опурталдуу жагдайды жаратат дейт эксперттер.

Мындай кырдаал улана берсе өлкө наркокылмыш тутумунда калуу коркунучунда турат. Бул ойду Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынын вице-спикери Кубатбек Байболов минтип бекемдеди:

- Акыркы маалыматтарга таянсак наркотрафик Кыргызстан, Тажикстан аркылуу кетип жатпайбы. Кыргызстан аркылуу өтүүсү оңой болуп атат. Ошондуктан андай коркунуч бар. Азырынча күчтөр анча жетиштүү болбой жатат. Наркотрафикке каршы олуттуу күчтү коё албай жатпайбызбы. Анын үстүнө биздин маңзаттарга каршы күрөшчү күчтөр арасында наркобизнес менен байланышкандар да көп болуп атканда болуп атат маселе.

Айрым аналитиктердин көз карашында Кыргызстандагы чуулгандуу буйрутма киши өлтүрүүлөрдүн учугу ушул чоң кылмыш топторунун өз ара пикир келишпестиктеринен улам келип чыккан. Маңзаттарды мыйзамсыз айлантуу өлкөдө эң кирешелүү бизнеске айланды, ага кол жылыткандар укук коргоо органдарынан тартып бийлик иерархиясына чейин жеткен, ал эми атайын маалымат үчүн кармалып жаткандар наркокылмыш мухитиндеги кичинекей чабактар же бул кылмышка тагдырдын жазмышы менен аралашып кеткендер дейт эксперттер.

Кыргыз Республикасынын ички иштер министрлигинин маңзаттарды мыйзамсыз айландырууга каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Муратбек Орозакуновду угалы:

- Акыркы күндө биздин аймак аркылуу маңзаттар көп өтүп атат. Бул Орусияда, Казакстанда кармалган фактылар менен далилденүүдө. Чоң-чоң машинелер, поезддер менен барып кармалып атышат. Негизинен биздин түштүк жактан келип аткан оор наркотиктер, героин, опий менен кармалган фактылар жылдан жылга көбөйүп атат.

Кыргызстан барган сайын маңзаттарды ташыган кылмыш топторунун кызыкчылыгындагы өлкөгө айланып баратат, эгерде анын тамырына балта чабылбаса өлкө акыры барып наркомафиянын таасиринде калышы мүмкүн деп эсептешет эксперттер.

XS
SM
MD
LG