Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:42

АКАДЕМИК В.БАРТОЛЬДДУН ТУУЛГАН КҮНҮНӨ 135 ЖЫЛ


Академик Василий Владимирович Бартольд кыргыз тарыхына зор эмгек сиңирген илимпоз. Анын 1927-жылы жазган «Кыргыздар. Тарыхый очерк» аталган эмгеги бүгүнкү күндө да маанисин жогото элек.

Василий Бартольд дүйнөгө аты таанылган чыгыштаанычу - тарыхчы болгон. Ал Чыгыш элдеринин, асыресе Орто Азиянын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхына арналган 700 чамалуу илимий эмгектерди жараткан. Мындан улам окумуштуулар академик В.Бартольдду Орто Азия тарыхынын негиз салуучусу деп эсептешет.

Василий Владимирович Бартольд 1869-жылы 15-ноябрда Петербург шаарында туулган. 1887-жылы ал шаардык №8 гимназияны алтын медаль менен бүтүрүп, Санктпетербург университетинин чыгыш тилдер факультетине кирген. Болочок окумуштуу университетте араб, перс жана түрк тилдерин терең өздөштүрүп, чыгыш элдеринин тарыхына кызыга баштаган.

Василий Владимирович чыгыш тилдер факультетинде Н.И.Веселовский, В.Р.Розен, Д.А.Хвольсон, В.А.Жуковский сыяктуу таанымал орус чыгыштаанучуларынан билим алды. Петербург университетин ийгиликтүү бүтүргөн соң ал 1891-1892-жылдарда чет өлкөдө такшалган.

1893-1894-жылдары В.Бартольд Түштүк Казакстан жана Кыргызстанга илимий экспедиция уюштуруп, анын жыйынтыгын «Түркстан монгол чапкынынын мезгилинде» деген даңазалуу эмгегин жараткан. Ал эмгек 1828-жылы англис тилине которулуп, анын редактору Денисон Росс бул эмгекти «доор жарата турган чыгарма» деп белгиленген.

Анда эмесе академик Бартольд туурасында кыргызстандык окумуштуу Олжобай Каратаевдин оюн угуп көрсөк:

- Бартольд бул кыргыз тарыхында гана эмес, жалпы кыргыз таануу, анын ичинде түрк элдеринин тарыхы боюнча чоң адис. Ошондуктан аты академик деп бекер жеринен айтылбагандыр. Бартольддун илимий изилдөөлөрүндө жалпы түрк дүйңөсүнүн этникалык тарыхы, маданияты, алардын жашоо тиричилик ыңгайы жана ошондой эле археологиясы иликтенген. Анын эмгектери көп кырдуу болуп, жалпы түрк дүйнөсүн, анын ичинде кыргыздардын тарыхы боюнча жазган эмгектери бүгүнкү күнү дагы өзүнүн актуалдуулугун жогото элек.

Бартольд өмүрүнүн акыркы жылдары «Кыргыздар. Тарыхый очерк» аттуу айтылуу эмгегин жазган. Кыргыз тарыхынын мерчемдүү маселелерин белгилеген чакан чыгармада энесайлык кыргыздар менен теңиртоолук кыргыздардын бир эл экени белгиленип, талаш проблемаларга абройлуу илимпоз тарабынан чекит коюлган.

Академик тарабынан жазылган эмгектердин жалпы саны, илимий мазмуну жана камтылган проблемалары жагынан чыгыштаануу илиминин феномени катары эсептелинет. Мындан улам академик Н.Я.Марр Бартольд сыяктуу чыгыштаануучу - тарыхчы Батышта да, Чыгышта да чыккан жок деп калыс оюн айткан.
XS
SM
MD
LG