Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:07

ФАТХ кыймылы Палестин автономиясынын жетекчилигине Махмуд Аббастын талапкерлигин көргөздү


Палестин автономиясынын мурдагы премьер- министри, маркум Ясир Арафаттын ордуна Палестинаны Боштондукка чыгаруу уюмунун жетекчилигине келген Махмуд Абасстын талапкерлиги ФАТХ кыймылынын борбордук комитетинде жактырылды. Эми алдыдагы бейшембиде уюмдун 114 адамдан турган Революциялык кеңешинде колдоо табышы керек.

Палестинадагы шайлоо 9-январга белгиленген. Шайлоого байланышкан маселе АКШнын Мамлекеттик катчысы Колин Пауэллдин кечээ Израилдин жетекчилиги менен болгон сүйлөшүүлөрүндө да талкууланды. Израил Иерусалим шаарынын чыгышында жашаган палестиндердин шайлоого катышуусуна уруксат берээрин билдирди.

Пауэллдин айтымында, Израил тарап аны шайлоо ийгиликтүү өтүшү үчүн палестиндерге жардам көргөзүлөрүнө ишендирген. Мамлекеттик катчы палестин жетекчилигин террор аракекеттерин алдын алууга чакырды. Кечээ Евробиримдик да Палестинадагы шайлоого өз байкоочулар миссиясын жөнөтөөрүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG