Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:24

Журналист ачкачылык жарыялады


БИШКЕК. Кыргызстандын искусство жана маданият чеберлерин колдоо үчүн 1995-жылы түзүлгөн «Илхам» аттуу коомдук уюмдун өкүлү, журналист Жолдошбек Токоев 22-ноябрда ачкачылык жарыялады. Журналисттин билдирүүсү боюнча, буга Бишкек мэриясындагы уюмдашкан кызматкерлердин бир катар мыйзамдарды бузуп, искусство чеберлеринин укугун басмырлаганы себеп болду. Анын айтымында, Бишкек мэриясы 1995-жылы Бишкектин Бейшеналиева көчөсүнөн «Илхам» коомуна пайдаланууга берилген 10 сотых жерге курулган кичинекей базарды Свердлов райондук ички иштер бөлүмү менен шаардык архитектура башкармалыгы мыйзамсыз түрдө бузуп жатат. Бишкек мэриясынын аталган жерди жеке ишкерге түбөлүккө пайдаланууга берген 2000-жылдан берки чечимдерин мыйзамсыз деген журналист Жолдошбек Токоев акыйкатка ачкачылык жарыялоо менен жетем деген ойдо.

Ал эми Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынын өкүлү Данияр Шабданов журналисттин ачкачылык жарыялаганы тууралуу мэриянын маалыматы жок экендигин, ошондуктан эч нерсе дей албасын билдирди.

XS
SM
MD
LG