Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:12

Турсунбек Акун табыла элек. Акүй алдында пикет өттү


БИШКЕК. 23-ноябрда өкмөт үйүнүн алдына жүздөн ашуун адам пикетке чыгып, бийлик өкүлдөрүнөн 16-ноябрдан бери дайынсыз жоголгон укук коргоочу Турсунбек Акунду таап берүүнү талап кылышты. Пикетке чыккандардын арасында Турсунбек Акундун улгайган атасы, жубайы жана балдары болду. Алар Турсунбек Акундун жоголушуна бийликтин тиешеси бар деген ойлорун билдиришти.

Ал эми Бишкек шаарынын Биринчи май районунун бийлик өкүлдөрү пикет өткөрүүгө уруксат берилбегенин жана мындай акция уланса тийиштүү чаралар көрүлөөрүн эскертишти.

Пикет түшкү саат экиге карай тарады жана анын катышуучулары Турсунбек Акун табылганга чейин күн сайын чогулууну убадалашты. Ички иштер министринин орун басары Өмүрбек Эгембердиев Турсунбек Акунду издөө иштери уланып жатканын жана азырынча андан эч кандай натыйжа чыга электигин билдирди.

XS
SM
MD
LG