Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:19

ЭЛЧИЛЕР КОНСТИТУЦИЯЛЫК СОТКО КАЙРЫЛМАЙ БОЛУШТУ


Бүгүн Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны бир катар элчилердин кайрылуусун канааттандырган жок. Өткөн аптада мурдагы элчилер Медеткан Шеримкулов, Үсөн Сыдыков жана Мамбетжунус Абылов Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Сулайман Иманбаевдин билдирүүсүнө түшүндүрмө берүүнү сурап, парламентке кайрылышкан. Анткени Иманбаевдин 8-ноябрда «Слово Кыргызстана» гезити аркылуу берген түшүндүрмөсүндө акыркы беш жыл ичинде чет өлкөдө жашаган атуулдар, анын ичинде элчилер келерки парламенттик шайлоого катыша албай тургандыгы белгиленген.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдуулук жана мамлекеттик түзүлүш комитети элчилердин кайрылуусунун негизинде «Кыргызстандын шайлоо кодексинин 69-беренесине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорун даярдап, 19-ноябрда талкууга чыгарган. Талкуунун акырында аталган долбоор болгону 13 добуш топтоп, иш жүзүндө элчилердин кайрылуусу канааттандырылган жок.

- Булар «бар» же «жок» деп кабыл алып бергиле деген сунуш менен дагы бир жолу кайрылышы ыктымал, - деди комитет төрагасынын милдетин аткаруучу, депутат Иса Токоев, - Бүгүн мыйзамды негиз кылып алып, беренелер боюнча талкуулап, «бар» же «жок» дешибиз керек эле. Бирок негиз катары кабыл алынбагандан кийин бул маселе жок эсебинде болуп калды.

Шайлоо кодексинде чет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар үчүн коюлган 5 жылдык чекти алып салууга каршы чыккан депутаттардын бири Акылбек Жапаров. Ал мындай саясий демилгелерди парламенттик эмес, ириде президенттик шайлоо менен байланыштырат. Президенттик шайлоого өз талапкерин алып келүү максаты бар сырткы күчтөр ушундай демилгелерге шыкакчы болуп атышат дейт ал:

- Президенттикке талапкер болууну каалаган кыргыздын биринде да 5 миллион доллар жок. Бул алардын кендирин кесип атат. Бирок тыш жактан, маселен, мына эки авиабаза болуп калды: орустардын базасы бар, америкалыктардын базасы бар. Кытайлыктарда да атайын катуу кызыкчылык болуп атат. Ушундай кырдаалда кыргыз эли өзүбүздүн бекемдигибизди сактап калышыбыз керек да. Арабызда жүргөн кишини шайлап алсак жакшы эле болот го деген ойдомун.

Депутат Ишенбай Кадырбековдун оюнда бул маселеге Жогорку Кеңештин киришүүсүнүн кажети жок эле. Анткени элчилерди шайлоого катышуусуна Конституция жол берери буга чейин эле далилденген. Ошондуктан, бул маселени жайына коюп, зарылчылык түзүлгөн шартта аны сот аркылуу териштирүүгө болмок:

- Бул ишке биз киришпешибиз керек эле. Чыңгыз Айтматов ушул эле Конституция боюнча каттоодон өтпөдү беле? Ушул эле Конституция боюнча Үсөн Сыдыков катталган да? Эми жаңы түшүндүрмө боюнча каттоодон өткөн шартта округдук шайлоо комиссиялары Конституциялык сотко арыз беришмек. Бул башкача жол менен кетмек.

Кайрылуу ээлери болсо Шайлоо кодексинин 69-беренесине байланыштуу көтөрүлгөн маселенин чечилиш өңүтүн саясий оюн катары баалап жатышат:

- Мындай чечим кабыл алынарына көзүбүз жеткен. Ак үй киришип, дипломаттарды шайлоого катыштырбоого катуу аракет жасап атканын көрүп эле турбайбызбы. Себебин деле билип турабыз. Мына дипломаттардын баары тажрыйбалуу, ички-тышкы саясаттын баарын тушүнүшөт, депутат болуп калса өз көз караштарын жактай ала турган адамдар да. Ошого жараша азыр чоң саясаттын оюну болуп атат. Жаңы парламентке келгендердин бардыгы чөнтөккө салып коймо депутаттар болсо, өзүбүз көзөмөлдөсөк деген ой менен жасалып аткан оюн, - дейт кайрылуу менен чыккан экс-элчилердин бири Мамбетжунус Абылов.

Медеткан Шеримкулов болсо мындай аракеттер ириде Кыргызстандын аброюна эларалык коомчулуктун алдында доо кетирип жатканын айтат:

- Элчилерди шайлоого киргизбейли деген аракеттер мен үчүн, Абылов үчүн, Сыдыков үчүн трагедия эмес. Бул – Кыргыз мамлекети үчүн трагедия. Себеби дүйнөдөгү эч бир мамлекетте өзүнүн дипломаттарын шайлоо укугунан ажыраталы деген ой бир да мамлекет башчынын, бир да парламенттин оюна келген эмес. Келиши да мүмкүн эмес. Дипломаттар – бул тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери деген сөз.

Медеткан Шеримкуловдун айтымында, чет элде жашаган кыргызстандык атуулдар үчүн коюлган 5 жылдык чек Конституцияга 1994-жылы киргизилген жана бул демилгенин башында президент Аскар Акаев менен ал кездеги парламенттин төрагасы өзү - Медеткан Шеримкулов турган. Бирок Шеримкулов бул жобонун элчилерге эч кандай тиешеси жок, ошондуктан Борбордук шайлоо комиссиясынын акыркы түшүндүрмөсү элчилердин атуулдук укуктарына доо кетирет дейт.

Мына ушундай көз карашты сап кармаган элчилер эми Жогорку Кеңештин чечиминин негизинде Конституциялык сотко, андан майнап чыкпаса эларалык укук коргоо уюмдарына кайрылууну максат кылышууда.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG