Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:24

Ооганстанда Улуттар уюмунун үч кызматкери барымтадан бошотулду


Ооганстандын ички иштер министри Али Ахмад Жалали аларды барымтадан бошотууда өкмөт эч кандай шарттарды аткарган жок деп билдирди. Талиптердин бутагы саналган "Мусулмандар армиясы" уюму анын алдында барымтадагылар 24 талип туткунуна алмашылганын жар салган. Жалали ал кабарды четке кагып, барымтачылар менен сүйлөшүүлөр болду, бирок алардын талаптары аткарылган жок, акча берүү, талиптерди бошотууга биз макул болгон жокпуз деп белгиледи.

"Улуттар уюмунун 27 күн мурда барымтага алынган үч кызматкери аман-эсен куткарылганын жарыялап жатканыма куштармын. Алгачкы медициналык текшерүү алардын саламаттыгы дурус экенин көргөздү", - деди Ооганстандын ички иштер министри.

Филиппиндик дипломат Анжелито Наян, британиялык Анетта Флэниган жана Косоволук Шкипе Хебиби 28-октябрда Кабулда машинеде бараткан жеринен уурдалышкан.

XS
SM
MD
LG