Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Эларалык валюта кору ким менен кызматташаарын аныктады


БИШКЕК. Эларалык валюта корунун Кыргызстандагы өкүлү Майкл Меред бүгүн кор Кыргызстандын жарандык коому менен эмес, өкмөтү менен өнөктөш катары кызматташаарын билдирди. Ал мындай билдирүүнү «Бреттон-Вуд институттары менен жарандык коомдун кызматташуусу» аттуу конференцияда, эларалык валюта коруна карата жарандык коомдун, парламенттин сынына жооп катары билдирди. Анын баамында, Эларалык валюта кору Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүшүнө кызыкдар. Ушундай аракетинен улам тышкы карыздын көлөмү төмөндөп, инфляция басаңдады.

"Эларалык валюта кору мурда өлкөлөрдүн макроэкономикалык өсүшүнө көңүл бурса, азыр экономикалык өнүгүүгө жана жакырчылыкты жоюуга басым жасай баштады", деп билдирди ал.

XS
SM
MD
LG