Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:17

Аялдардын укугун коргоого арналган форум аяктады


БИШКЕК. Бүгүн Бишкекте «Аялдарга зордук-зомбулук көрсөтүүнү токтотуунун улуттук механизмдерин өркүндөтүү» аттуу эки күндүк улуттук форум ишин аяктады. Анда аялдарга кордук көрсөтүүгө каршы 2002-2004-жылдарда жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасы талкууланып, бул багытта 2005-2010-жылдарда жасала турган иштердин комплекстүү программасы даярдалды. Ал эми ушул жума башында Чолпоната шаарында өткөн жыйында аялдардын ден соолугун төрөй ала тургандай кылып коргоонун 2005-2009-жылдардагы планы кабыл алынды. Ал 1994-жылы кабыл алынган Каир конференциясынын программасына ылайык даярдалып, ага эне менен баланын ден соолугун коргоо, үй-бүлө мүчөлөрүнүн санын пландоо, демографиялык иликтөөлөрдү жүргүзүү, аялдарга кордук көрсөтүүнү токтотуу жана гендердик теңдик боюнча эркектердин көз карашын кеңейтүү аракеттери камтылды.

XS
SM
MD
LG