Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:12

Турсунбек Акун табыла элек


БИШКЕК. Кыргызстан укук коргоо кыймылынын төрагасы Турсунбек Акундун дайыны дагы эле белгисиз. Анын үй-бүлөсү, туугандары менен жактоочулары бүгүн да Ак үйдүн алдына пикетке чыгышып, укук коргоочуну таап берүүнү бийликтен талап кылышты.

Ал эми Улуттук коопсуздук кызматы баштаган тартип коргоо органдары анын дайынсыз жоголушуна эч кандай тиешеси жоктугун байма-бай айтышууда. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкулов Турсунбек Акун дагы эле табылбай жаткандыгын жана эч кандай маалымат бере албасын билдирди.

Ал эми «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылы укук коргоочунун жоголушуна байланыштуу президентке жана жалпы элге кайрылуу жолдоду. Анда кыймылдын төрагасы, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Азимбек Бекназаров баштаган депутаттар Турсунбек Акундун жоголгондугуна тынчсыздануу билдирүү менен бирге, аны 29-ноябрга чейин табууну бийликтен талап кылышты.

Эгер ал 29-ноябрга чейин табылбаса Турсунбек Акун башында турган Элдик-патриоттук кыймылдын чечимин колдоп 29-ноябрдан тарта президент Аскар Акаевди кызматтан кетүүсүн жактагандардын колун жалпы өлкө боюнча топтоону улантаарын жарыя кылышты.

XS
SM
MD
LG