Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:52

ЖККУга мүчө өлкөлөр маңзаттарга каршы иш-чара өткөрдү


БИШКЕК. Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн, ички иштер министрликтеринин, коопсуздук, чегара жана бажы кызматтарынын кызматкерлери маңзаттар аткезчилигине каршы 16-22-ноябрь күндөрү “Канал-2004” деген аталыштагы операция өткөрүштү. Жыйынтыгында 4063 кылмыштын бети ачылып, 5 тоннага жакын маңзаттар колго түшүрүлгөн. Ошондой эле 12.483 ар кандай кылмыштын бети ачылып, 469 ок атуучу курал, 1 млн. доллардан ашуун өлчөмдөгү баалуу материалдык буюмдар алынган.

Ал эми Кыргызстандын аймагында маңзаттарын көзөмөлдөө агенттигинин жетекчилиги менен күч органдарынын иш аракеттеринин натыйжасында 129 кылмыштын бети ачылып, анын ичинен маңзатын саткан 14 факты, маңзат аткезчилигине байланыштуу 12 факты катталган. Жалпысынан 102 кг. ашуун наркозаттар колго түшүрүлгөн. Бул тууралуу маңзаттарын көзөмөлдөө боюнча агенттиктин басма сөз кызматынан билдиришти.

Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун курамына Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Россия, Тажикистан мамлекеттери кирген.

XS
SM
MD
LG