Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:57

“Кыргызстан элдик кыймылы” жер-жерлерде уюштуруу жыйындарын өткөрүүдө


БИШКЕК. Бүгүн Баткенде "Кыргызстан элдик кыймылынын" облустук уюштуруу жыйыны өттү. Ага кыймылдын төрагасы, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Курманбек Бакиев катышууда. Бул тууралуу кыймылдын төрага орун басары, экс-министр Ишенгүл Болжурова билдирди. Анын айтымында, эми ушундайле уюштуруу жыйындары Нарын жана Ысыккөл облустарында да өтөт. Буга чейин облустук бөлүмдөр Ош жана Жалалабад облустарында түзүлгөн.

"Кыргызстан элдик кыймылынын" уюштуруу курултайы 5-ноябрда өтүп, анда 17 кишиден турган саясий кеңеш түзүлгөн. Саясий кеңештин төрагалыгына экс-премьер-министр Курманбек Бакиев, аткаруу комитетинин төрагалыгына Үсөн Сыдыков шайланган.

XS
SM
MD
LG