Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:22

ЕККУнун делегациясы келет


БИШКЕК. Эртең Кыргызстанга Европадагы коопсуздук кызматташтык уюмунун төрагасынын өкүлү Марти Ахтисаари баштаган делегация келет. ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн алынган маалыматка караганда Марти Ахтисааринин сапарынын максаты алдыдагы парламенттик жана президенттик шайлоо алдындагы кырдаал менен таанышуу жана шайлоого байланышкан маселелерди мамлекет жетекчилери жана коомчулуктун өкүлдөрү менен талкуулоо. Ал президент Аскар Акаев, тышкы иштер министри Аскар Айтматов жана массалык маалымат каражаттарынын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушат.

XS
SM
MD
LG