Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:05

Турсунбек Акун Өзбекстандын атайын кызматтарынын колунда болушу ыктымал


БИШКЕК. Бир нече күндөн бери дайынсыз болуп жаткан укук коргоочу Турсунбек Акунду Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү Өзбекстандын атайын кызматына өткөрүп бериши ыктымал. Мындай пикирин бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйында Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу билдирди.

Анын айтымында Турсунбек Акун буга чейин Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун саясий режимин ачык сындап, Өзбекстан ислам кыймылынын айрым талаа командирлери менен кандайдыр бир деңгээлде байланышы бар эле. «Ошондуктан Өзбекстандын атайын кызмат өкүлдөрү буга чейин эле Турсунбек Акунга кызыгып жүрүшкөн болчу» деп кошумчалды Турсунбай Бакир уулу.

XS
SM
MD
LG